Табак Nicotiana glauca – перспективдүү балкондук өсүмдүк.

фотография

Табак Nicotiana glauca

Адамдын жаңы, өзгөчө жана шартталбаган нерселерге каалосу кандырылбас. Ар кандай ышкыбоз – бакчы өзүнүн бакчасында жаңы, таң каларлык, эч кимде жок нерсени өстүрүүсүн каалайт. Дайыма жаңы бир нерсе жөнүндө кыялданышып жүрүшкөн ышкыбоз – бакчылардын каалолорун канааттандыруу үчүн, гүл базары жыл сайын көптөгөн жаңылыктарды сунуш кылат. Бирок коммерциялык максаты менен чыгарылган жаңылыктар бат эле жөнөкөй ассортимент болуп калышат.

фотография

Табак Nicotiana glauca

Акыркы он жылдын ичинде гүлдөрдүн жаңылыктардын эң көп санына паслендук уюгууна киришет (Solanaceae). Эң белгилүүлөр булар – петуньялар, сурфиниялар, миллион беллз (million bells). Алардын ийгилигинин сыры алардын бат өсүүсүндө, бат гүлдөөсүндө (үрөндөн өстүргөндө 3 айдан аз эле убакытта гүлдөйт, сабагы менен көбөйткөндө, алар дароо эле гүлдөшөт) жана алардын өстүрүү шарттары төмөн. Албетте, аларга күндүү жерлер эң ыңгайлуу, бирок күндүү эмес, муздагыраак жерлер дагы жарайт.

Бирок биздин аймактарда бул өсүмдүктөр белгилүү болгон жок. Мисалы, картофель жана помидорду эстеңиз, алар башында декоративдүү болуп өстүрүлгөн. Бул өсүмдүктөрдү тамакка колдонсо болот деген биринчи индикациялар пайда болгондо эле, калктын ишенбөөсү андан да чоңойду. Бирок бираздан кийин алар абдан көбөюп, көп жерлерде классикалык жемиштерден ашып, тамактануунун негизи болуп калды.

фотография

Бул номерде биз шартталган эмес балкондук дарак Түштүк Америкадагы сизый табак менен (Nicotiana glauca) таанышабыз. Биздин шарттарда бул бат өсүүчү бадал, ал турсун дарак деп айтсак болот. үрөндөн өстүрлгөн ал 2 айдан кийин эле гүлдөйт. Жетилген өсүмдүктөрдө бутактар бир айда 50–70 см өсөт. Аты айткандай эле, бүт өсүмдүктө күмүш тактар бар. Ошондуктан өсүмдүктөргө кереги жок тийбеш керек, анткени тактар бат эле өчүп калат жана жагымдуу эмес ачык – жашыл түстүү болуп калат. Күмүш сымал жумуртка формасындагы жалбырактар аягында учтуу болуп калышат. Бутактардын аягында 20–40 сары түтүккө окшош гүлдөр чыгып калышат. Алардын узундугу 3–3,5 см, жоондугу 0,5 см. Гүлдөөнун башында алар ачык-сары болушат, гүлдөп бүткөндөн кийин сап-сары болуп калышат. Бул гүлдүн жакшы сапаты – гүлдөп бүткөндөн кийин гүлдөр декоративдүү болуп тура беришет. Петуньядан айрымалаганда, гүлдөп бүткөндөн кийин көпкө чейин формасын сактайт жана гүлдөр түшпөй турушат.

Бул түрдү өстүрүү абдан оңой. Батирде сиз табак сизыйды жыл бою өстүрө аласыз, жайында болсо балкондо же бакчада өстүрө аласыз. Бат өсүүчү үрөндөрү менен көбөйто аласыз. Гүлдөй алган өсүмдүктөрдү 2 айдан кийин өстүрөсүз (б.а. сиз 15 мартта балконго чыгарып койгуңуз келсе, үрөндөрдү марттын ортосунда отургузуңуз). өсүмдүктөр батирде кыштай алышат, же муздагыраак шарттарда герандай (бирок жакшы жарыкта). Кыштоонун аягында бутактарын эки эссе кыскартыңыз жана көбүрөөк суугарыңыз. Кыштоодон кийин бир ай өткөндө өсүмдүк гүлдөп баштайт. Бул түрдөн жеңил эле батир өсүмдүктү кыла аласыз. Ал бутактары менен көбөйбөйт, анткени алар тамырлары жакшы өспөйт (бирок бул жолтоо эмес, анткени алар үрөн менен дагы жакшы көбөёт). Тамактанууга табак абдан катуу талап кылбайт. Жакшы гүлдөш үчүн сиз аны фосфору көп жөнөкөй эле жер семирткичтер менен тамактандыра берсеңиз болот.

Printed from http://www.botanix.kpr.eu/ky/print.php?t=19