Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Калиманттык манго, Кастури - Kasturi (Mangifera casturi)

Калиманттык манго (Mangifera casturi) же Кастури – Kasturi, жергиликтүү тургундар айткандай бул 10–30 м тропикалык дарак . Ал айрым Банджармасин Түштүк Борнео (Индонезия) жерлеринде гана өсөт. Азыркы учурда мыйзамсыз кесилишинен жаратылышта жок калган. Бирок анын дамдуу жемиши үчүн, дагы деле өстүрүлөт.

Калиманттык мангонун жемиштери (Mangifera casturi) башка манго түрлөрүнө караганда кичинекей. Ар бир жемиши болжолу менен 50дон 84 граммга чейин болот. Бышпаган жемиштер жашыл түстүү болот, бирок бышып калганда өңү күрөңгө же кара –кочкул түскө, алмашып бети жылтырап, кызгылт көк өң болуп калат. Түс түрлөрү боюнча мангонун Кастури (M. casturi) сорту айырмаланат. 3 белгиленген сорт бар Mangifera casturi Катури (Kasturi), Мангга Кубан (Mangga Cuban) жана Пелиписан (Pelipisan). Өзүнүн жыпар –жыты менен эң белгилүү бул Кастури (Kasturi). Мангга Кубан (Mangga Cuban) жана Пелиписан (Pelipisan) көбүнчө өзүнчө сортторго киришет. Бирок Пелиписанды (Pelipisan) Кастурикиндей жыпар жыты менен тапса болот. Бул Кастуринин (Kasturi) гибриди экенин билдирет. Андан дагы көп изилдөө өткөрүш керек анын статусун билиш үчүн.

фотография

*** " Калиманттык мангонун жемиши (Mangifera casturi), Борнео, Индонезия":[http://www.kpr.sk/…toarchiv.php?…]

Жемиштердин данектери сарыгыч болот, структурасы булалуу уникалдуу жыпар жыты менен. Эгерде Кастури жана Мангону (Mangifera indica) салыштырсак, Кастуринин даамы анча таттуу эмес, бирок күчтүүрөөк жумшак жыты менен. Жемиштердин данеги фибрага бай.

фотография

*** " Калиманттык манго жемишин деталдары (Mangifera casturi), Борнео, Индонезия":[http://www.kpr.sk/…toarchiv.php?…]

Кастури (Kasturi) Туштук Борнеонун жергиликтүү тургундардын арасынан жана кошуна аймактардын арасына чейин белгилүү. Жемиштердин жыты абдан жагымдуу. Ал жөнүндө эски ыр бар “Seharum kasturi, seindah pelangi, semuanya bermula.” Бул муну билдирет: “О, Кастури сыяктуу жыттуу, Асан – үсөн сыяктуу жакшынакай. Бул сүйүү саякатты баштады. ”

Мызамсыз кесүү бул түрдүн жоголушун алып келди. Калиманттык мангонун чоң дарактардын көп жыгачы болгондуктан, жоголуу коркунучта турушат. Дарактарды көбүнчө жергиликтүү тургундар кичинекей бакчаларда өстүрүшөт.

Башка бат өскөн тропикалык жемиш дарактарына айрымалаганда, Калиманттык манго, өзүнүн жай өсүшүнөн Индонезиянын чоң плантацияларында өстүрүлбөйт. Калиманттык мангонун плантацияларын Матараман (Mataraman) аймагында Банджар (Банджар (Banjar) районунда жана Банджарсаминде (Banjarmasin) бул өзүнчө райондор) гана кездешет. 1980 – жылы жергиликтүү тургундар аз масштабда отургузушту, биринчи түшүмдү 2005 – жылы гана чогултуп башташты. Жемиштер абдан көп болгонуна карабай, талапты канааттандыра албады.

Калиманттык мангонун колдонуусу жемиш жана жыгач менен бүтөт. Чоң дарактардын сабактарынын диаметри 1 метрге жеткенине карабай, банджарлар (ички аймактардын жана Түштүк Борнеонун жергиликтүү этникалык тургундары) абдан жай өсүшүнө карай жемиштерин гана колдонушат. Ошондуктан банджарлар жыгач өндүрүш үчүн окшош же андан да жакшы сапаты менен башка дарактардын түрлөрүн тандашат. Жемишке жетүү абдан кыйын, анткени дарактар абдан узун. Жемишине жетиш үчүн даракка чыгыш керек, анткени жерге түшкөн жемиштердин сапаты жогору эмес.

Жемиштер жаңы же джем Кастури сыяктуу иштетилген кезинде тамакка колдонулат. Бирок кээде-кээде гана сатылат, анткени фермерлер өстөрү тамакка колдонушат. Мангодан жасалган башка өнүмдөр да бар – пюрэ, конфитюр же додол – dodol (традициондук токоч )сыяктуу. Бирок бул өндүрүштү табыш абдан кыйын, анткени аларга талап абдан чоң жана банджарлардын сүйүктүү жемиштери болуп саналат. Жемиштер дагы абдан кымбат, бирок банджарлар үчүн өзүнүн даамы үчүн бул эч нерсе эмес!

««« Кийинки макала: Тан калтырган вельвичия (Welwitschia mirabilis) – жандуу кен байлыкты өстүрөбүз Мурунку макала: Пальма Parajubaea torallyi »»»

Жума 19.11.2010 18:23 | Басып чыгаруу | Экзотикалык өсүмдүктөр

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар