Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Индиялык бук Pongamia pinnata

фотография

Pongamia pinnata

Pongamia pinnata (Indian Beech Tree, Honge Tree, Pongam Tree, Panigrahi) Индияда өскөн, көбүнчө Түштүк-Чыгыш Азияда өстүрүлгөн жалбырагы түшүүчү буурчак уюгуна кирген дарак болуп саналат.

Ал 15–25 метрге чейин өсөт жана кою чокусу болот. Ак, кызгылтым жана кызгылт-көк жыпар-жыттуу кичинекей гүлдөр менен гүлдөйт.

Бул түр суукка, күндүн күчтүү нуруна жана кургакчылыкка өзүнүн күчтүү тамыр системасына карай чыдамкай. жаратылышта кумдуу жана таштуу топуракта өсөт. Аны топурактын көптөгөн түрлөрүндө, туздууну кошкондо да, өстүрсө болот. Көбүнчө бул даракты кургак аймактарда шамалга каршы же шаарларда көлөкө кылыш үчүн отургузушат. Кабыгы боо жана аркан же кара резина жазаш үчүн жана буларды уу балыктардан жарадар болгондорду даарылаш үчүн колдонулат. Жеңил азотты кармоо жөндөму бар болгондуктан, ал пайдалуу заттарга кедей топурактарды байытыш үчүн отургузулат. өсүмдүк уу болгондугуна карабай, ал медицинада колдонулат. өсүмдүктүн ширеси жана майы антисептикалык таасир кылат. үрөндөн алынган май көбүнчө лампаларда, самын чыгарууда жана майлоочу заттарда колдонулат. Азыркы учурда анын маанилиги көбөюп жатат, анткени биобензинге кошумча болуп колдонулат.

««« Кийинки макала: Жыйналган чөп менен эмне кылабыз? Мурунку макала: Алманы ийик сыяктуу өстүрүү »»»

Шаршемби 17.11.2010 18:21 | Басып чыгаруу | Экзотикалык өсүмдүктөр

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар